Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Банктык операциялар

Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: