Меню
Эл-Сөздүк

Адат

АДАТ – Куранды диний-юридикалык жактан чечмелөөгө жана диний санжырага (сүннөт) негизденип, шариятка, б. а. диний мыйзамга карама-каршы келген мусулман элдеринин салттуу укугу. А. мүлктүк, үйбүлөлүк ж. б. аргандай багыттагы каада-салт жана элдик укук тажырыйбаларынын жыйындысын камтыйт.

адат

адат (адет эмес) адаты,
адатты
адат-салт
адат укугу (эск.)

адат

зат. 1. Жалпы көпчүлүк үчүн өнөкөт болуп калган каада, салт, жүрүш-туруш тартиби. Бир элбиз, биздин элдин адатында Ар кандай ачуу, араз унутулат (Үмөталиев). Алгыр тайганы, кыраан кушу, күлүк аты, бойго жеткен кызы бар жерге жуучу жибере берүүчү элдин адаты бар эле го? (Жантөшев).
2. Үйрөнүп калган көндүм, өнөкөт, көнүмүш. Алтыга сатып, бешке алгансоодагердин адаты (макал). Билсе, билбесе да талаша берүү анын көнүмүш адаты («Ала-Тоо»). Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы (макал).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санадат
Көптүк санадаттар
Байланыштуу сөздөр
адатта
адатынча
адатыңча
Жөндөлүшү - "адат"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?адат
Илик Кимдин? Эмненин?адаттын
Барыш Кимге? Эмнеге?адатка
Табыш Кимди? Эмнени?адатты
Жатыш Кимде? Эмнеде?адатта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?адаттан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?адаттар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?адаттардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?адаттарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?адаттарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?адаттарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?адаттардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: