Меню
Эл-Сөздүк

эпилде

этиш. 1. Ылдам, тез, шамдагай кыймылдоо, иштөө; тез канат кагып учуу. Жаш бала эки чайнек чайды эпилдеп көтөрүп кирип келди («Чалкан»). Карачы, тиги аянтта Шарапаткан, Эпилдеп көзгө илээшпей терип жаткан (Абдыраманов). Эбине келсе эпилдеп, Илбээсин издейт ылаачын (Калык).
2. Тез, бат-бат сүйлөө; кичи пейилдик кылуу; ал-жай суроо, урматтап сүйлөө. Жан алы калбай ал-жайды сурап, эпилдеп учурашты (Сыдыкбеков). Үйдүн ээси конокторго эпилдеп сөз баштады («Советтик Кыргызстан»). Эпилдеп-жепилдеп, балдарына да карамдуу (Таштемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: