Меню
Эл-Сөздүк

эп

эп, эби, эппи
эби жок
эби-сыны
эп болуу
эпке кел-
эптен кет-
эп: эп этүү

эп

зат.. 1. Тууралык, чындык, ылайыктуулук, негиздүүлүк, ылайыгы бар экендик. Эл Кедейкандын айтканын эп көрдү (Токтогул). Силерге эп келсе, менде бир тилек бар («Ала-Тоо»). Бул айтканың эп. Мага бере турган эбиң бар эле.
2. Ык, жөн, эптеле тургандай шартта болгондук. Аны өзүм эпке келтирем («Чалкан»). Эби менен сынган эшикти кадоо.
Эби жок ченде жок, эсепсиз. Эчкини аттың эби жок, Эликти аттың чени жок (Тоголок Молдо). Эби жок көк жал баатырдын Эр экенин көрөлү («Манас»). Эбисыны жок — жарашыгы жок, сындуу эмес, өңү-түсү начар. Бурул ушул эби-сыны жок баланын олдоксон сүйлөгөнүнө жана мүнөзүнө кызыгуучу (Каимов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санэп
Көптүк санэптер
Жөндөлүшү - "эп"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?эп
Илик Кимдин? Эмненин?эптин
Барыш Кимге? Эмнеге?эпке
Табыш Кимди? Эмнени?эпти
Жатыш Кимде? Эмнеде?эпте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?эптен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?эптер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?эптердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?эптерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?эптерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?эптерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?эптерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: