Меню
Эл-Сөздүк

чака

чака (челек)
чака тыйын

чака

чака: бала-чака

чака

чака: чака туяк болуу
(жадоо)
чака туяк (куу)

чака

I зат. 1. Суу ж. б. суюктуктарды куюу, ташуу же сактоо үчүн колдонулуучу, кармагычы бар металл идиш. Эки чака суу көтөрүп, дарбазадан Айша кирди (Баялинов).
2. Жез тыйын. Жалгыз чака пулу жок (Тоголок Молдо).
ЧАКА II: бала-чака к. бала.
ЧАКА III: чака-чака же чака-чак, чака-чук туур. Темир, таш сыяктуу катуу нерселерди ургулоодон чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Жарышып балкалар да чака-чака, Тынымсыз эмгек кайнап бака-шака (Бөкөнбаев). Жалындын жана тынымсыз чака-чук эткен дабыштын ичиндеги темирчи ага кандайдыр коркунучтуу болуп көрүндү (Аалы).
ЧАКА IV этиш. Чачап кетүү. Сорду бекем аптыга, Чакап кетип ал козу, Башын чайкап бышкырды (Аалы). [Татыбек] сөз айталбай муунуп, шилекейине чакады (Байтемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: