Меню
Эл-Сөздүк

уй

уй (мал), ую
уй беде
уй боор
уйга килем жапкандай
уйдун бөйрөгүндөй
уй жалагандай
уй кымыз
уй мүйүз тартуу
уй тилиндей
уй түгүндөй
уюм тууду (оюн)

уй

зат. 1. Төрт түлүк малдын бир түрүнө кирүүчү музоо, торпок, кунажын, өгүз ж. б. жалпы аты. Уйду мүйүзгө чапса туягы зыркырайт (макал). Бадачы көп уйду талаага айдап баратат (Сыдыкбеков).
2. Ушул малдын төл берген, саала турган ургаачысы. Саан уй. Тубар уй. Кысыр уй.
3. Он эки жылдык эски жыл эсебинин экинчи жылы. Уй жылы.
Уйга килем жапкандай — жарашыксыз, одоно, олдоксон. Уй мүйүз тартып отуруу — тегерек тартып кырка отуруу. [Колхозчулар] уй мүйүз тартып отурушту (Баялинов). Уй түгүндөй — эн, көп, абдан көп. Уй түгүндөй көп элге, Уруна кирип барбайлы («Эр Табылды»). Уюм тууду — оюлган беш чуңкурга бештен ташталган таш менен көбүнчө балдар ойноочу оюн.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: