Меню
Эл-Сөздүк

түтүн

түтүн, түтүнгө
түтүндү түрө кыдыруу
түтүнмө-түтүн
түтүн булатуу
түтүн уулоо
түтүн чыгаруу

түтүн

зат. 1. Күйүүдөн пайда болуп, абага көтөрүлүп чыккан газ түрүндөгү заттардын жыйындысы. Күн чыга ар бир үйдөн суйдаң, көгүш түтүн булай баштады (Каимов). Күж-күж этип, Түтүн бүркүп, Даяр турат паровоз (Үмөталиев).
2. Өз алдынча бир үй-бүлө, өзүнчө бир үй эсебиндеги чарба бирдиги. Бул экөөбүздү жаңы түтүн эсебине каттады (Жантөшев). Эки жүз түтүн эли бар, Эпкиндүү кыйын кеби бар («Эр Табылды»). Түтүнү бөлөктүнтүйшүгү бөлөк (макал).
Түтүнмө-түтүн — үй баш сайын, ар бир үй сайын. Түтүнмө-түтүн кыдырып, Курсагы ашка тоюнду (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: