Меню
Эл-Сөздүк

КОЕН

КОЕН — эпизоддук кейипкер. Орго кандын билермандарынын бири. Сагымбай Орозбаков боюнча Манастын келатканын уккан Орго кан туш-тушка кабар салганда К-го да кабарчы жиберет.

коён

коён, коёнго
коён жатагы (биол.)
коён жатагына чейин
коён жүрөк
коён жылы
коён сымалдар (зоол.)
коён тебиш (оюн)
коён томук (бот.)
коён чарбасы
коён чычкандар (зоол.)
коёндой окшош

коён

зат. 1. Кемирүүчүлөр тобуна кирүүчү, кулагы менен арткы буттары узун, анча чоң эмес, бакма жана жапайы жаныбар. Коён өстүрүүчү фермалар.
2. Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдын төртүнчү жылынын аты. Коён жылы төрөлүшкөн (Аалы).
Коёндун жатагына чейин билүү — жердин шартын, ой-чуңкурун ж. б. билүү. Коёндун жатагына чейин бүт билет. [Аскар]... коёндун жатагына чейин жазбай байкашка ашыгат (Сыдыкбеков). Коёндон окшош — абдан окшош, опокшош, союп каптагандай, бири-биринен ажыратылгыс, айрылгыс. Коёндон окшош козусу, Коюңар тууган эгизден (Маликов). Коён жүрөк — коркок, кайратсыз. Сен тим эле коркупсуң, коён жүрөк турбайсыңбы (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: