Меню
Эл-Сөздүк

кем

кем
кем акыл
кем акылдык
кем баа
кем дүйнө
кем-кетик
кем таалай
кем ээк
кем-карч

кем

сын.. 1. Аз, кемчил, жетишсиз, толук эмес, түгөл эмес. Көктөй бер, көгөрө бер кең талаалар, Кем эмес, сага жетер чамабыз бар (Осмонов). Кем берип, ашык алып пайда тапты (Борбугулов). Малым элден кем эмес, Мал алчу кыздан мен эмес (Үсөнбаев).
2. өт. Жаман, кор. Элине кызмат ак кылса, Эзелде башы кем болбойт («Эр Табылды»).
¨ Кем калбоо — артта калбоо, бирдей болуу, барабар болуу, теңтайлашуу. Ташбайдын баласы Ашымдан кем калбайт (Сыдыкбеков). Эң кеминде — эң эле аз дегенде, эч болбогондо. Кем-карч — жетишпей турган, зарыл болгон, али толук боло элек нерселер, оокат, муктаждык. Таң заарынан туруп, аттануучу уулунун кемкарчына киришти (Бейшеналиев). Кемкарчыңа жаратып ал деп атасы уулуна тыйын берди (Бейшеналиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: