Меню
Эл-Сөздүк

дарыя

дарыя (дайра, дария эмес)
дарыя булуңу (геог.)
дарыя өрөөнү (геог.)
дарыя транспорту
дарыя чөкмөлөрү

дарыя

зат. 1. Жаан-чачын, мөңгү жана булактардан топтолуп, белгилүү нукка түшкөн чоң суунун табигый, үзгүлтүксүз агымы, чоң өзөн суу. Сыр дарыя. Нарын дарыя. Дарыянын шаркыраганы Касейиндин үнүн угузбай кетет (Сыдыкбеков).
2. өт. Мол, түгөнгүс, эң көп. Илим деген дарыя, Кече албасаң, агасың. Жол башчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: