Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Экспорттук сыйлыктар

ЭКСПОРТТУК СЫЙЛЫКТАР – каржы жана баа мүнөзүндөгү экономикалык таянычтарды бир түрү. Мамлекет тарабынан продуктунун белгилүү бир түрлөрүн сыртка чыгарууга жана четөлкөлүк өнөктөргө кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүүгө түрткү берүү, экспортту кеңейтүү, сырткы базарды өздөштүрүү үчүн колдонулат, товарларды четөлкөлүк базарларда сатып өткөрүү үчүн бир кыйла ыңгайлуу баалык шарттарды түзөт.. Адатта Э.с. экспортоочу фирмаларды тигил же бул салыктан, импорт төлөмдөрүнөн бошотуу, аларга акциз жыйымдарын кайтарып берүү таризинде, же болбосо экспортту тикелей субсидиялоо түрүндө болот. Э.с-ды колдонуу жарым-жартылай ГАТТ жоболору, анын ичинде демпингке каршы жолжобо эрежелери аркылуу теске салынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: