Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Левераж

Левераж (Левередж) – 1) продукция өндүрүүгө кеткен толук сарптоолордогу операциялык сарптоолордун үлүшү; 2) карыздык жана өздүк каражаттардын катышы же суммардык милдеттенмелердин жана узак мөөнөттүү карыз алуулардын акционердик капиталга карата катышы.
Банк ишин иликтөөгө алуу максатында левераж дегенден улам, өздүк каражаттар менен тартылган каражаттардын катышын түшүнүү зарыл. Ал капиталдын кайсыл деңгээлин банктын кирешелүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдоого алынып турууга тийиш экендигин чагылдырат. Бул көрсөткүч, банк ээлеринин пайдасына сандык баа берүүгө мүмкүндүк берет жана өздүк капитал менен активдердин жалпы суммасынын, ошондой эле карыздар менен капиталдын наркынын катышына кандай болбосун финансылык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө эсептелгендерге концептуалдуу негизде окшош келет.



Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: