Меню
Эл-Сөздүк

КҮЛӨ

КҮЛӨ — думана, дервиштердин шоңшогой чокулуу атайы баш кийими. Адатта ак кездемеден жасалгандыктан ак Күлө деп айтылса керек. Эпосто Ак күлөлүү аксакалдын кайыбынан пайда болушу жөнүндө «Ак күлөлүү думана, Асасы бар шапап Кайдан келди билинбейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 86),— деп айтылат, к. Думана.

күлө

зат. Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу, төбөсү бийик баш кийим. Күлө кийип башына Алакан ачып жайылтып (Тоголок Молдо). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: