КҮЛАЙЫМ, Канышай, Айганыш, Күлжар, Күлканыш, Айымкүл — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн аялы. Көкөтөй өлгөндө, Көкөтөйгө аш бергени Каркырага көчкөндө К-га кошуп алтымыштай катынга кара кийгизип, кошок айттырып жүрүп отурганы баяндалат (Саякбай Каралаев, 2. 7, 11).