Menu
Эл-Сөздүк

КЫДЫРААЛЫ

КЫДЫРААЛЫ Кайназар уулу (1850, Ала-Бука району —1920, ошол эле жерде) — манасчы, төкмө ырчы. К. жаштайынан эле ыр, өлөң, түрдүү эпосторду айтууга шыктуу өнөрү менен эл ичинде таанымал болгон. К. манасчы Талас, Кетмен-Төбө, Жалал-Абад, Алай, Ош, Анжыян, Ташкен, Бадакшан, Кожент тараптарда болуп, ырчы, өлөңчү, кошокчуларга жолугуп, алар менен айтышып, «Манас» айтып элге таанылган. Акындын замандашы Жеңижок төкмө К. жөнүндө мындай деп ырдаган:
Карайган тоонун талаасы
Калың журтту ээрчиткен
Алмамбет, Сыргак Манасы.
Кайназар мерген баласы
Кыдыраалы жомокчу (Эл ырлары, Фр., 1981).

Жеңижок төкмө бул ырында Аксылык башка белгилүү ырчылар менен бирге К. манасчыга, анын калың журтту ээрчиткен алп талантына тең бере, өнөрүн баалап, өзүнүн мурасын ак таңдай Токомо айтып жүр деп багыштап, нары төкмө ырчы, нары манасчыга өнөрпоздук сынын билдирет.
Ташкен тарапта өткөн Үсөн деген ырчы менен айтышканда Үсөн ырчынын минтип ырдаганы бар:
Эмесе туурдукту сыйрыгыла
Эссиз эле барчалап жыртылбасын.
Кыдыкем «Көкөтөйдүн ашын» айтат.
Уй мүйүз тартып элим кылкылдасын (Кол жазмалар фондусу, 770-инв.).

Элге тааныштырып, анын азыр «Көкөтөйдүн ашын» айтарын жарыялаганына караганда жергиликтүү, башкача айтканда Ташкен тараптык Үсөн ырчы менен эски тааныш, анын манасчылык өнөрүн жогору баалап, ага чоң урмат көрсөткөн ырчы.
Аксы чөлкөмүндөгү элге өз мезгилинде кеңири белгилүү болгон К-нын замандашы, бирок ата-теги, чыгармачылыгы азырынча бизге толук белгисиз Гөркары деген ырчы К. жөнүндө ырдаганы эл оозунан жазылып алынган:
Жомогун угуп тыңдаган,
Жанынан карыш жылбаган,
Жети ай айтып Манасты,
Жарымын ада кылбаган.
Чаар атын баяндап,
Чарчабай үч күн ырдаган.
Алпамыш акын Кыдыкем
Айтышканын бурдаган (Кол жазмалар фондусу, 770-инв., 11-б.).

К. «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана бир нече кенже эпосторду, көптөгөн элдик ырларды айтканын анын өнөрүн кичинекейинен үйрөнүп, устат катары тутуп жүргөн Дейди кызы Сейденин эскергенин, ошондой эле Сейде эмне айтып, эмне ырдаса да бу Кыдыраалыныкы деп баштаганын, К. жөнүндөгү материалдарды жыйнап фондуга тапшырган Сейде манасчынын небереси Калмурат Рыскул уулу жазат (Кол жазмалар фондусу, 770, 772-инв.). Төкмө акын Токтогул К-нын ырчылык, манасчылык өнөрүн бегилеп, дегеле анын талантына баа берип, өзүнүн шакирттерине: «Кыдыраалынын алдын тороп айтышпагыла, курч акын, жолборстой алып ыргытат. Өзү ырдагандан кийин айтышсаңар абийирге ээ болушуңар мүмкүн. Кыдыраалыдан жарчылыкты талашууга болбойт, ал улуу манасчы», — деп ал жөнүндө минтип ырдаган жери бар:
Ар бир сөзү тапкандай, Ак келтени аткандай, Кыдыраалы манасчы Кыргыздан чыккан ак таңдай. Торгой сайрап жаткандай, Топ акындан ак таңдай. Кыдыраалы ырчыны айт Кыйырды билген сынчыны айт (Кол жазмалар фондусу,
770-инв., 7-б.).
К-нын «Манастын Борканага калаа курдурганы», «Манастын зилдей (чоң, оор) ташты көтөргөнү», «Манастын Мардигилең алп менен алышканы», «Манастын Борканадан Айгандын канын айдап чыкканы», «Айгандын канынын кызы Алтынай сулуунун Манаска ашык болушу» деген Манастын өзүнчө үлгүлөрүн айтканы гана белгилүү.
Ү. Беркбаев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: