-
КУЛЖА
-
КУЛЖА — топоним. Эпосто кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 245); Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:
Кулжа-Тоонун оюнда,
Кутман байдын тоюнда...
Катылам деп Кошойго
Кан жөткүргөн жериң бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 219).
Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 280),— деп айтылат. Географиялык реалия катары К. — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономия районунундагы (Синьцзяндагы) суу, жер, шаар.
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кулжа |
Көптүк сан | кулжалар |
Синонимдери |
---|
аркар |
Жөндөлүшү - "кулжа"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | кулжа |
Илик Кимдин? Эмненин? | кулжанын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кулжага |
Табыш Кимди? Эмнени? | кулжаны |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кулжада |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кулжадан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кулжалар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кулжалардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кулжаларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кулжаларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кулжаларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кулжалардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КУЛЖА