Меню
Эл-Сөздүк

КЕБЕЗ-ТОО

КЕБЕЗ-ТОО — топоним. Кыргыздар, анын ичинде Төштүктүн эли мекендеген жер.
Кебез-Тоону жердеген,
Келберсиген эр деген.
Чалкуйругун байлаган,
Чабышка колун майлаган,
Эр сырттаны Эр Төштүк (Саякбай Каралаев, 2. 81),

— деп сүрөттөлөт. Кытайдын башкы каны Эсенкан бала Манастын дайынын, жердеген айылын билүү максатында атайын аттандырган тыңчы-соодагерлеринин чалгын чалуу багытында эпикалык К. Т-нун аты эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 157). Жарен дарыясынын чөлкөмүндө, Таш-Коргондон нары түштүктө жайгашкан тоо. Топоним азыркы карталарда кезикбейт.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: