Меню
Эл-Сөздүк

Агрессиялык (баскынчылык) акты

АГРЕССИЯЛЫК (БАСКЫНЧЫЛЫК) АКТЫ – эларалык укукта тынчтыкты бузуунун эң коркунучтуу түрү; БУУнун уставына ылайык, ар жолу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан ырасталат, ошол эле учурда, Коопсуздук Кеңеши агрессиянын белгилерин 1974-жылкы «Баскынчылык актысынын» шарттуу белгилерине байланган эмес, ошондуктан А. а-нын акыркы тизмесинин чегинен чыга алат. Коопсуздук Кеңешинин А. а-ны ырастоосу бул уюмдун БУУнун уставынын VII бөлүмүнө ылайык эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү боюнча кандай чараларды көрүү тууралуу сунуштарды же чечимдерди кабыл алуусуна негиз түзөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: