Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АЛМАН

АЛМАН — салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда:
Алман салып кыргыздан
Алты миң эркеч бир жыйып,
Кыш кайнатып бек салып
Алты кылым өткөнчө
Кетилбесин деп салып (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 512инв., 100-б.),

— деп айтылат. Согушта жеңген тарап жеңилген тараптын элинен олжо түрүндө А. алып, жеңген эл бөлүп алган: «Алымга алган илгери, Ногойдон келген он төрт ат» (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 847-инв., 24-б.). Бир элдин ээлеген жери аркылуу өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдөн, жортуулчулардан, соодагер кербенчилерден, көчтөн да отко, азык-түлүккө зыян келтирилди деген доомат менен А. алынган. «Конуп калган кербенден, Алман алык алалык» (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1076-инв., 287, 93-б.).

алман

алман (алгыр)

алман

алман (салык) (эск.)

алман

алман (түрдүү)
алман-алман

алман

I зат. Көбүнчө жеңилген элден алынуучу салык, жалпы эле салык, алым. Атаңа наалат буруттан Алмаңды мыктап алалы («Манас»). Алман алып эл жемек Манаптан нуска калган дейт (Тоголок Молдо).
АЛМАН II сын. Алгыр. Алман бүркүт.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: