Меню
Эл-Сөздүк

АЛИЕВ

АЛИЕВ Сатыбек (1938, Чүй району, Кегети айылы) — «Манас» эпосун изилдөөчү, жыйноочу, түзүүчү. 1968-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1982-жылдан Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында корректорлор бөлүмүнүн башчысы, улук илимий редактор жана редакция башчысы болуп иштеп келет. «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (Фр., 1988) аттуу китепке кирген белгилүү манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Дуңкана Кочуке уулунун чыгармачылык портрети боюнча жазылган макалалардын (Р. Сарыпбеков менен бирге) автору. Манасчы Мамбет Чокмор уулу жана Абдылда Дөөлөт уулунун айтуусунда «Манас» училтигинин айрым эпизоддорун жазып алган (көлөмү 20 басма табак). «Манастагы» мифтик түшүнүктөр» («Ала-Тоо», 1989, № 2), «Манас» энциклопедиясы чыгат», «Жаңы энциклопедия» жана башкалар жыйырмадан ашуун макаланын автору. А. «Манас» энциклопедиясына кирген макалалардын тизмесинин сөздүгүн (4000 термин) түзүүчү. «Манас» энциклопедиясынан орун алган оригиналдуу макалалардын жазылышынын типтүү схемасын жана критерийин иштеп чыккан. «Манас» энциклопедиясына эки жүздөй макала жазган.
М. Мукасов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: