шабыр I зат. Саздуу жерлерде чыгуучу майда камыш. Шабырдан аңыр учурбай, Шашканда үчтү атчу элең («Эр Табылды»). ШАБЫР II: шабыр-шубур туур. Камыштуу, куурайлуу, калың чыккан чөпчардуу жерди аралаганда чыккан дабыш.