-
чыгым
-
I зат. 1. Жумшалган каражат, расход. Тойго колхозубуздун бир тыйыны да чыгым болгон жок (Убукеев).
2. Чыгаша, өлүм-житим (көбүнчө малга карата). Аман тууп жатыр го Чыгым болбой бир козу (Осмонкул).
3. тар. Өздөрүнөн жогорку кызматтагы адамдарды сыйлоодо сарп кылынгандардын ордун толтуруп алуу үчүн бийлик башындагылар тарабынан элге салынган салык. Бекеринче чыгым деп, Байлап алат бий, болуш Кедейдин жалгыз улагын (Токтогул). Пара берген чыгымын, Ар түтүнгө салчу эле (Аалы).
ЧЫГЫМ II зат. Эгиндин, өсүмдүктөрдүн өнүп чыгышы, өнүмү. Эгиндин чыгымы жазында көп элдикинен жакшы болучу (Жантөшев).
ЧЫГЫМ III зат. Кандайдыр бир иштин аткарылышы үчүн аракет кылгандык, камбылдык, чыгынуучулук. Эч бир чыгымы жок киши шалкайып жата берет.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | чыгым |
Множ. число | чыгымдар |
Склонение по падежам - "чыгым"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | чыгым |
Родительный Чей? | чыгымдын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | чыгымга |
Винительный Кого?, Что? | чыгымды |
Местный Где?, У кого? | чыгымда |
Исходный Где?, У кого? | чыгымдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | чыгымдар |
Родительный Чьи? | чыгымдардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | чыгымдарга |
Винительный Кого?, Что? | чыгымдарды |
Местный Где?, У кого? | чыгымдарда |
Исходный Откуда?, От кого? | чыгымдардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чыгым