Меню
Эл-Сөздүк

КЕРБЕН

КЕРБЕН — кырк чоронун бири. Шыңгынын уулу. Манаска алты кандан барган элчилерди тосуп чыккандагы аскердин башчысы болгон он чоронун бири К. экендиги айтылат. Башка учурларда чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Октору аты отузунчу келип, К. тагдырына буюрган Серсабакка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 328, 426; 3. 50, 176; 4. 25, 44).

КЕРБЕН

КЕРБЕН (иранча каруан — соода күзөтүү, кайтаруу) — алыска товар ташып соода кылуу максатында жүк жүктөгөн унаалардын (төө, ат, эшек) тизмеги. Чиркештирилген унаалардын тизмегинин эң алдыңкысынын мойнуна коңгуроо тагылган. Эзелтен бери Жакынкы Чыгыш, Орто Азия жана Африка элдеринде К. менен соода кылынган, саякат жасалган. «Манас» эпосунун көп эпизоддорунда К. жөнүндө эскерилет, айрым учурда К-чилер соода-сатык гана кылбастан чалгынчылык, тыңчылык сыяктуу атайы тапшырмаларды да аткарышат. Бала Манастын атагы чыга баштаганынан тынчсызданган Эсенкан анын сырын астыртан тартуу үчүн атайын тыңчы К. жиберет. Эсенкандын К-и менен кагылышкан Манас алардын башчыларын жеңип, 40 төөгө жүктөлгөн мүлкүн элине таратып берет. Мына ушундан тартып Чоң-Бээжиндин каны Эсенкан менен Манастын күрөшү күч алууга өтөт. Душман К-ди тыңчы, чалгынчы катары пайдаланганы тарыхта боло келген көрүнүш. Мисалы, Чыңгызкан Орто Азияны багындырууда ушул ыкты колдонгон. Отрарда анын 450 соодагерден, 500 төөдөн турган К-и элчи-тыңчы катары кармалып, жок кылынган. Аны шылтоолоп Чыңгыз кан чабуулга өткөн.

кербен

кербен (керибен эмес),
кербенге
кербен башы
кербен сарай

кербен

зат. Узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу. Алар жүк.. алып кайта кетип бараткан кербенчилердин кербендерин көрүшөт (Убукеев).
¨ Кербен башы — кербенди башкарып жүргөн адам. Кербен сарай — жүргүнчүлөр, кербенчилер токтоочу жай. Адатынча бул кербен сарайда бүгүн да жүргүнчүлөр көп экен (Абдукаримов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: