Меню
Эл-Сөздүк

КАНЖЫГА

«Канжыгасы кабат», «Куу канжыга» (эл сөзү). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш. Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.

канжыга

зат. Буюмду байлап алуу же бөктөрүү үчүн ээрдин эки капталынын арт жагына тагылуучу боо. Аманат койгон нокто эле, Канжыгаңа чала кел («Манас»). Бир кыргоол менен коён менин канжыгамда (Каимов).
¨ Канжыга жол жалгыз аяк жол, ичке жол.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: