аңги зат. 1. Үйүрү жок айгыр. Аңгилери алышып, Кубалашат жарышып (Тоголок Молдо). 2. өт. Аркы-беркини карабаган, өйдө ылдыйды ажыратпай, оюна келгенин айта берген, даалдаган. Аңги тууган азамат Ак-караны ылгабайт (Осмонкул).