Найдены по другим направлениям
-
араң
-
такт. Зорго; кыйналып-кысталып, эптеп-септеп. Мерген эртеси күнү төшөгүнөн араң турду (Сыдыкбеков). Өлдүм-талдым. дегенде, Көкдөө араң кутулуп, Шаарын казан басыптыр («Эр Төштүк»).
♦ Араңдан зорго же араң дегенде — зорго-зорго, эптеп-септеп, кыйналып-кысталып. Араң зорго соолукту (Осмонкул). [Зарыл].. араң дегенде Гүлнар турган.. ташка жетти (Сыдыкбеков). Араң жан — эң эле алсыз, күчсүз. [Сатылган] .. абдан начар. Араң жан үнү менен саал козголуп койду (Аалы).
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
араң