|
эл
|
|
зат. 1. Мамлекеттин, өлкөнүн калайык калкы. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул).
2. Улут, белгилүү бир тилде сүйлөгөн калк. Кыргыз эли ар тараптан гүлдөп өсүүдө. Элдерди мактап өзүңдү [кыргызды], Алардын кылба кийини (Сарногоев).
3. Өлкөнүн негизги массасы (таптык коомдо бийлик жүргүзүүчү таптын эзүүсүндө болгон калк). Эмгекчи эл.
4. Адам, киши. Эл жокто сүйлөшөлү деп, конторунан чыгып кетти («Советтик Кыргызстан»).
♦Эл болуу — тилектеш, ынтымактуу болуу, касташпоо. Эл бол десем эл болдуң, Эгер жок менин арманым («Курманбек»). Эл эмес — жоо, каршы, душман. Шыгайдын уулу Чынкожо, Семетей сага эл эмес («Семетей»). Элден мурда же эл асты болуп — эң мурда, адегенде. Элден мурда бул ишти бүтүрө коёлу, анан жай сүйлөшөлү («Ала-Тоо»). Эл асты болуп биз келиптирбиз («Советтик Кыргызстан»). Эл кайда көчөт — майда-майда темгил тактары бар кызыл, сары түстүү кичинекей коңуз.
|