Menu
Эл-Сөздүк

пул

пул (акча; бул эмес)

Пул

1. Инвесторлордун компанияларынын, мисалы, бааны колдоп туруу же башка максаттар үчүн убактылуу биригүүсү.
2. Финансылык ресурстарды бириктирүү.
3. Эрежедегидей эле, суммардык мааниде алганда бир түрдүү кредиттердин, баалуу кагаздардын портфели.

пул

зат. 1. Акча. Силер жөнөгөндө бир сыйра кийим-кечек, азык-түлүк, жолуңарга анча-мынча пул аласыңар (Абдукаримов). Беш-беш сомдон пул алып, Пейли кетти Акматтын (Токтогул).
2. тар. Жарым тыйын, жарым тыйындык монета. Жалгыз чака пулу жок, Жакшылык көргөн жылы жок (Тоголок Молдо).
3. Кездеме, товар. Фабрикадан чыгарылган көп пулду, Баалап кылган балбан алсын кенелип (Осмонкул). Калаага бир иш менен шашып бардык Кайтарда көп таза пул сатып алдык (Осмонов).
Чай пул — 1) бирөөгө жол каражат кылып кетиш үчүн же керегиңе жаратып ал деп берилген жардам акча; 2) көрсөткөн кызматы үчүн далдалчыга, жалдапка ж. б. берилүүчү сый.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: