|
мелдеш
|
|
I зат. 1. Балбандардын, баатырлардын алдуу-күчтүүлүгүн, аттын күлүктүгүн, ар кандай артыкчылыгын, чеберчилигин ж.б. көрсөтүү максатында мөрөй алуу үчүн, артыкчылыгын билдирүү үчүн болгон сынак, оюн. Баатырлыктын белгиси, Байгени алат мелдештен (Осмонкул). Аттары күлүк, жигити эр, Жарышкан чыккан мелдештен (Осмонкул). Мелдеш үч күнгө созулду (Жантөшев). Спорттук мелдеш.
2. Эмгек процессинде эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн көтөрүлгөн демилге, күрөш, жарыш. Социалисттик мелдеш. Октябрь майрамы алдындагы мелдеш.
МЕЛДЕШ II этиш. 1. Жүзөгө ашкан же аша элек иштин аныгын билүү же жарышта артыкчылыгын көрсөтүү максатында бир нерсе сайып убадалашуу. Алдырып ийдим мөрөйдү мелдеше кетип атым чаап («Эр Төштүк»). Атын мелдешти.
2. Ар кандай ишти тез, ылдам бүтүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн күрөшүү, демилге көтөрүү, күрөшкө чыгуу. Кел берилеп, кеңеш эли мелдешет Машинасын кара алтынга жемдешет (Бөкөнбаев). Кой багуудан эпкиндүүлүк көргөзөт, Көбөйтүүгө Асан менен мелдешет (Осмонкул).
|