Меню
Эл-Сөздүк

кызуу

I сын.. 1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов)
  1. 2.           Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган , сууй элек, кызыган (сезим, көңүл, кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов).
  2. 3.           Кызымтал, анча мас эмес. Ал [Жолбунов] ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).

Кызуу кандуу же каны кызуу — ачуусу чукул, кыялы чорт, чапчаң мүнөздүү. Любанын каны кызуу эле (Аалы). [Кебек карыянын] катын-баласы өлгөндөн бери каны эң эле кызуу болуп кетти (Байтемиров).
КЫЗУУ II кызы этишинин кыймыл атоочу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: