Бугу – оң канаттагыири уруулардын бири. Бул уруунун келип чыгышы, теги жөнүндөгү уламыш-санжыралар кыргыздардын байыркы тотемисттик ишенимдерин чагылдырат. Этнонимдин параллели «пуга» формасында энесай кыргыздарынын урпактары хакастардын курамында бар. В.Банг кытай жыл баяндарында эскерилген «пу-гу» этнонимин хунну жана телелердеги (төөлөс) аскердик титул-этноним менен байланышта караган. Ю.А.Зуев «Бугу» бугуг – аскер башчысы, оң же сол канаттын аскер жетекчиси» деген мааниде чечмелейт. Арийне, 7-к. бугулардын локализациясы тактала элек. Айрым кытай тилдүү булактар бугуларды ба-е-гу (байырку) жана до-лан-гэ (теленгит) урууларына кошуна жайгашкан уруу катары эсептешкен. Теле конфедерациясынын курамына кирген бугулар 8-к. орто чендеринен тартып Уйгур каганатына баш ийип калышкан. Этнонимдин экинчи мааниси тотемдик жаныбарды туюнтат жана ал тотемдик сыйынуу обьектиси катары байыркы түрк доорунан белгилүү. С.М.Абрамзон да ушул пикирди кубаттап, өз иликтөөлөрүндө далил катары Мүйүздүү эне жөнүндөгү санжырага токтолот. Бугу алгач бир гана уруктун сыйынган тотеми болуу керек. Үстөмдүккө ээ болгон уруктун тотеми өзүнө баш ийген, көз каранды уруктардын тотемдерин сүрүп чыгарып, бүткүл уруунун энчилүү аты ошол тотемдин аты менен атала башташы мүмкүн десек болчудай. Д.Е.Хайтун Түштүк Сибирдеги ж.б. түрк тилдүү элдердин ишенимдериндеги «Бугу» жана «бука» жаныбары мифологиялык бир жаныбарды аныктаганына токтолот (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 115-б.).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Бугу
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
12Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 3 х 4? Ответ:
Отправить
зат.1. Ача туяктуу, мүйүзү бутакталган кепшөөчү жаныбар. Бугу атууга даярданып жатасыңарбы? (Аалы). Тоо эчки, кийик, марал, бугу өңдүү кайберендер.. жайылып жүрчү (Сасыкбаев).
2. Элдик календарь боюнча төртүнчү айдын аты.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как бугу
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-2Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 - 3? Ответ:
Отправить