Меню
Эл-Сөздүк

КАПКАК

Казандын үстүнө жабылуучу тегерек буюм. Ал тактайдан кынапталып, ак чийден токулуп жасалат. Жыгач капкактын үстүңкү бетинде жумуру жыгачтан туткасы, чий капкактын чыйрак чыйратылган шоодан, ичке кайыштан боосу болот.

капкак

зат. 1. Бир нерсе салуучу, куюучу нерселерден төгүлбөй, бек, таза турушу үчүн үстүн жаап, бекитип коюучу жапкыч. [Үкөктүн].. капкагы да бошоп калыптыр (Сыдыкбеков). Түгөл калай челектин.. капкагын ача баштады (Бейшеналиев).
2. Кылдуу музыкалык куралдын (комуз ж. б.) кыл жаккы бети. Сомдоп алган комузум Капкагы калың карагай (Токтогул).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: