Menu
Эл-Сөздүк

Активдер

(латын тилинен алынган activus деген сөз – таасирдүү).
1) бул аларга ээлик кылуучулардын, ээ болгондордун каражаттары жумшалган, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү мүлктөрдүн жана акча каражаттардын (имарат, курулма, машиналар жана жабдуулар, материалдык запастар, банктык аманаттар, баалуу кагаздарга салымдар, патенттер, автордук укуктар ж.б.) жыйындысы. Активдер материалдык (көзгө көрүнгөн) жана материалдык эмес (көзгө көрүнбөгөн) болуп бөлүнөт. Материалдык эмес активдерге интеллектуалдык эмгектер, патенттер, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздык милдеттенмелери, ресурстарды пайдаланууга өзгөчө укуктар кирет; 2) баланс активи – бул, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү акча түрүндөгү материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды, алардын курамын жана жайгаштырылышын чагылдырган, ишкананын бухгалтердик балансынын бөлүгү; 3) финансылык талап же нарктын сакталып турушун камсыз кылган каражат катары кызмат кылган менчик үлүшү.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: