|
Автордук келишим
|
|
АВТОРДУК КЕЛИШИМ – автордун мүлктүк, ээлик
укугун өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн жарандык укук келишими. Укугун толугу менен
өткөрүп берген А. к. менен укугун жарым-жартылай өткөрүп берген А. к-дин
айырмасы бар: биринчисинде – чыгарманы келишимде каралган чекте, белгилүү бир
жолжоболордун негизинде укук берилген жак гана пайдалана алат жана ага башка
жактардын пайдалануусуна тыюу салууга мүмкүндүк берет (анын ичинде автор да
бар); экинчисинде – чыгарманы пайдаланууга автордун дагы, анын мураскеринин
дагы, ал жарым-жартылай укук берген жактын дагы, ушундай эле укук берилген башка
жактардын дагы пайдаланууга акысы бар. Ошондой эле, чыгарманы тигил же бул чекте
пайдаланууга улуксат берүү тууралуу автор жана/же анын мураскерлери тарабынан
түзүлгөн келишимдер дагы А. к-ге жатат. А. к. даярдалып бүткөн чыгармага, же
автор жазуу милдетин алган чыгармага карата да (автордун тапшырык келишими)
түзүлүшү мүмкүн.
|