|
кемпир
|
|
зат.Карыган аял. Тиши жок кемпир, чалдарга Туурап берген май жакшы (Жантөшев).
¨ Кемпир-кесек — карыган, жашап калган аялдар. — Ой, Бүбүш,.. аркы кемпир-кесектерди чакыра кел (Бейшеналиев). Жез кемпир — 1) миф. мурун, тырмактары жезден болгон укмуштуу, сыйкырдуу кемпир; 2) куу, шум, какчаңдаган, колунан жакшылык келбеген кары аялдарга, кемпирлерге карата айтылат. Жез кемпирдин желеси — жаандан кийин күндүн нурунун чагылуусунун натыйжасында асманда пайда болгон жаа сыяктуу ар түрдүү түстөгү тилке, көк желе, асан-үсөн. Кечинде, күндүн көзү бүркөлгөндө, Көрүндү жез кемпирдин кош желеси (Шимеев).
|