ЖЕҢИЖОК |
Т. Садыков. Жеңижок. Скульптура эскизи. 1990. Ж.— элдик эпосторду да аткарган акын. Ал «Семетей» эпосунан «Семетейдин Таласка жөнөшүнөн» үзүндү айтканы бизге белгилүү. Үзүндү боюнча Каныкейден өзүнүн ата-тегин сурап билгенден кийин Семетей эл-жерин издеп жөнөйт. Анын туулган жери Таласка, атпай кыргыз элине келиши толгон жышааналар менен байланышкан. Бала баатыр Семетейди эл карысы Бакай баш болуп Манастын Акшумкары, Желмаяны, Кумайыгы да зор кубаныч менен тосуп алышат. Булар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл баатыры келди, элдин күткөн тилеги ишке ашты деген ой берилген. Б. Кодоров |
Жеңижок |
|
Найти все переводы слова "Жеңижок" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Жеңижок"?
Ввойти