|
каракчы
|
|
зат. 1. Талоончу, тоноочу, карактап тартып алуучу. Илгери жети каракчы болгон экен («Жомоктор»). Каракчы болуп мал уурдап, Канча бир жылы жашаган («Эр Табылды»).
- 2. Эски кийимден, чүпүрөктөн ж. б. жасалган короонун же огороддун четине коркутуу үчүн коюлган сөлөкөт. Ичи жаргак бешманттан Каракчы кылып жасады (Жантөшев).
- 3. Жаман көргөндө же эркелеткенде айтылуучу сөз. Итирейген каракчы.. дарыядан барып суу алып кел (Турусбеков). — Садагаң болоюн, жаман каракчым (Сыдыкбеков).
- 4. Кир, булганч, таза эмес, кебете-кешпири кеткен. — Каракчыдай болуп кантип барам (Сыдыкбеков).
|