ЖАА — жебе менен атуучу жоокердик курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учу жип тептир менен катуу тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет. Ж. адамзат тарыхынын бардык этаптарында: согуштук беттешүүлөрдө, уучулукта, мелдештерде (жамбы атуу) кеңири пайдаланылган. Ж. дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Микронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12—7-к) доорунан б. з. 17-кылымына (кээ бир жерлерде азыр да бар) чейин колдонулган. Ж-нын жөнөкөй жана татаал түрү бар.
Жөнөкөй Ж. тептирге, Ж. жыгач, жебе, саадак деп аталган бөлүктөрдөн турат. Адамдар Ж-нын бул түрүн Түштүк Африка, Түштүк Америка, Меланезия, Рим, Байыркы Германияда урунган. Татаал Ж-ны жасаганда, жыгачынын сырт жагына майда таралган тарамышты жыш желимдеп, ич жаккы бетин жука мүйүз менен каптайт, эки четине жана ортосундагы кармоочуна сөөктөн эн кыят. Мындай Ж-ларды гунндар, Орто Азия жана Сибирь элдери, скиф жана сармат уруулары биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта эле колдонушкан. Кыргыз эли урунган Ж. жасалышы боюнча кытай, моңгол, араб элдерине мүнөздүү татаал Ж. түрүнө кирет. Мындай Ж-лар жергебизде кенен жолугуучу сак, усун этносторунун маданиятынан (б. з. ч. 6 — 2-кылымдарда) жана байыркы кыргыз доорунун эстеликтеринен да (6 — 10-к.) жолугат. Атак-даңктуу баатырлардын өздөрүнө гана таандык-ЭКсы болуп, ага алтын, күмүш, асыл таш чөгөрүлүп өзгөчө кооздолгон.
Ж. түрк-моңгол элдеринин эпосторунун сюжетинде жана поэтикасында көрүнүктүү орунду ээлейт. Түрк-моңгол элдеринин эпосторунда Ж. мүйүздөн кураштырылып жасалгандыгы айтылат. Тува эпосунда Ж. жетимиш тоо эчкисинин мүйүзүнөн бири-бирине туташтырылып жасалгандыгы, жебеси кара эчкинин бүтүн терисинен жасалгандыгы айтылат. «Манас» эпосунда Ж-нын эмнеден, кантип жасалгандыгы эпостун «Чоң казат» бөлүмүндө кеңири сүрөттөлөт.
К. Айдаркулов
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ЖАА
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
4Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 - 0? Ответ:
Отправить
Iзат. Дого сыяктуу ийилип, эки башы эшилген кайыш же бышык чыйратылган жип менен кере тартылып, жебе менен атууга ылайыкталган курал. Жаа тартууга ыктуусуң, Төштүк, Мергендик жакка шыктуусуң, Төштүк («Эр Төштүк»). Кара чыйырчык көрсөңөр, Атпагыла жаа менен (Осмонов).
¨ Жаабербөө же ээ-жаабербөөк. ээII. Жаасыкатуу — талабы катуу, катуу кармаган, аркы-беркиге көнбөгөн, катаал. Жеңемдин жаасы катуу (Байтемиров). Экөөнүн жаасынын катуулугуна карабастан, Тенти башын чайкады (Бейшеналиев).
ЖААIIжаачыII менен бирдей.
ЖААIIIэтиш. 1. Жамгыр, кар, мөндүр түшүү, куюлуу.Күүгүм кире күн дыбырап жаап кирди (Байтемиров).Сонор кууган аңчыга, Кыламык жааган кар жакшы («Мендирман»).
2. Үзгүлтүксүз себиле берүү, түшүп туруу (мис., ок). Ок мөндүрдөй жаады.
3. Үстөкө -босток, үстү-үстүнө айтыла берүү, көп суроо берилүү. Олтургандардын арасынан какшыктуу шылдың сөздөр жаай баштады (Жантөшев). Суроо жамгырдай жаады.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как жаа
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
12Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 8 + 4? Ответ:
Отправить