Экономика илиминин ири масштабдуу экономикалык кубулуштарды жана өлкө экономикасына, анын бүтүндөй чарбалык ишине тиешелүү болгон процесстерди иликтөөгө каралган бөлүгү, бөлүкчөсү. Улуттук байлык, улуттук дүң өнүм жана ички дүң өнүм, улуттук киреше, суммардык мамлекеттик жана жеке инвестициялар, жүгүртүүдөгү акчанын жалпы саны сыяктуу көрсөткүчтөрдү жалпылап жыйынтыктоо макроэкономиканын иликтөөгө алган объектиси болуп саналат. Бир эле учурда макроэкономика орточо киреше, орточо эмгек акы, инфляция деңгээли, жумушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгек өндүрүмдүүлүгү сыяктуу өлкө боюнча орточо алынган экономикалык көрсөткүчтөрдү да иликтөөгө алып, изилдөө жүргүзөт. Ошол эле учурда, өсүштүн жалпыланган көрсөткүчтөрү, өлчөмдөрдүн көбөйүү же азаюу арымы, өлкө экономикасына мүнөздүү болгон жана анда жүрүп жаткан процесстер, түзүмдүк пропорциялар макроэкономиканын предметинен болуп саналат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Макроэкономика
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
2Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 - 2? Ответ:
Отправить