Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАНЧОРО
 

КАНЧОРО

 
КАНЧОРО — эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү негизги каармандардын бири. Чубактын баласы. К-нун акыры Семетейге кас болушу көпчүлүк семетейчилерге таандык салттык көрүнүш. Айтуучулар К-ну ар дайым Күлчоро менен бирдикте Семетейдин акын тууганы катары көрсөтөт. Душманга каршы согуштарда К. да Күлчоро сыяктуу активдүү ролдордун бирин аткарат. Семетей экөөнү тең жогору санап:
Канчоро менен Күлчоро —
Өөдө тартса өбөгүм,
Ылдый тартса жөлөгүм.
Астыга салса ак жолум,
Айдап жүрсө сан колум,
Болоттон кылган сом балтамм,
Болжолу жок чоң аркам (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 557инв., 278-б.),

— деп сыймыктангандыгы бекеринен эмес. Бирок, андагы айрым адамдарга таандык ич тардык сапат бара-бара күчөп отуруп, ачык эле душмандыкка айлангандыгынан улам, эпостун «Семетей» бөлүмүндө терс каарманга биротоло өтөт.
Эпосто К-нун терс кыялы өтө ырааттуу, ишенимдүү далилдер менен мотивделип отурат. Манасчылар Семетей менен эмчектештик салтын айтканда К. эмген эмчектен бекеринен кан чыкты дешпейт. Мындай белгилер К-нун кийин терс каарманга өтүшүнөн шек туугузбайт. Чыккынчы К-нун портрети Саякбайдын «Семетейинде»:
Каарланып сүксүйүп,
Кайраттанып үксүйүп,
Ачылган ороо көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Эки бети салаңдап,
Эки даңгыт тойгудай.
Каарланса кутургур
Кармашканды сойгудай (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 952инв., 644-б.),

— деп чыныгы эпикалык сырткы душмандардай мүнөздөлөт. Бул образдын көркөмдүк таасири анын адамдык сапаттарынын, мүнөзүндөгү татаал бурулуштардын акырындап, ырааттуу сүрөттөлүшү менен түшүндүрүлөт. К-нун образынын биротоло калыптанышы эпостун өнүгүшүнүн кийинки учурларына таандык. Аталарынын адилет иштерин уланткан Семетей менен Күлчородон кара өзгөйлүгү, терс мүнөзү менен кескин айырмаланып, К. эпостогу экинчи сюжеттик өзөктүн өөрчүшүндө белгилүү ролду аткарып турат. Бардык варианттарда Семетейдин өлүмү же кайып болушу. К-нун чыккынчылыгы менен түздөн-түз байланыштырылат. Тоголок Молдонун вариантында ал Семетейди балта менен башка уруп өлтүрүп (Кол жазмалар фондусу, 1078-инв.), бийликти алып Семетейдин аялы Чачыкейге үйлөнөт.
А. Жайнакова


Найти все переводы слова "КАНЧОРО" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНЧОРО"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru