Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Бата
 

БАТА

 
БАТА (арабча фатиха — тилек, башталыш)—1) курандын биринчи сүрөөсүнүн (главасынын, бөлүмүнүн) аты; 2) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу. «Манаста» Б. түрдүү окуяларга, көрүнүштөргө, өлүмгө, сөөк коюуга, эскерүүгө байланыштуу кеңири айтылат. Мисалы, өлүктү коюуга, эскерүүгө, башкача айтканда Көкөтөйдүн ашы, Кичи казатта окко учкан элдик баатырлардын жана Манастын өлүмүнө байланыштуу эскерүүлөрдө Б. берилет; 3) ошондой эле тилек, каалоо, алкоо иретиндеги жана болочокто боло турган окуяны, ишти алдын ала билдирүү иретинде да айтылат. Эпосто эскерилген Б-лардын эң негизгиси баатыр баланын кереметтүү бойго бүтүү мотивинин эволюциялык өнүгүүсүндөгү элементтердин бири Б-нын магиялык күчүнө ишенүү түшүнүгү менен байланышкан. «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарындагы туруктуу мотив — Кошойдун Б-сы менен Семетейдин бойго бүтүүсү. Каныкей узакка балалуу болбой жүрөт. Балалуу болуш үчүн атайын аракеттер жасайт: «Бабам Кошой кийсе деп, Бала үчүн жүрөм ынтызар. Батасы мага тийсе — деп», (Сагымбай Орозбаков, 3. 209), «Батасы журтту байыткан» Кошойдун Б-сын алуу үчүн ага атайы арнап 12 жыл шым жасайт, анын Б-сын алгандан кийин боюна бүтүп, Семетей төрөлөт. Эпосто Кошой карыянын тилеги, максаты тике баяндалат: Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей. Акыры туулса эркек уул Аты болсун Семетей (Сагымбай Орозбаков, 3. 214),— деп үчилтиктин экинчи бөлүгүнүн баш каарманын Б-дан бойго бүтүргөн уруулук тотем же уруунун башчысы касиеттүү карыя гана болбостон, ага ат койгон да калк карысы Кошой болот. «Манас» эпосундагы Кошойдун Б-сы Манаска, анын жеңиштерине, уулу Семетейге арналган. Бул Кошойдун Манас баатырга бекем берилгендигин айгинелейт. Чынында эле Кошой өмүрүнүн аягына чейин, башка кандардай болуп Манастын бийлигинен баш тартпаганы, ак ниет кызмат кылганы эпосто баса белгиленет. Түрк-моңгол эпосторунда Кошойдун тибиндеги каармандар көп кезигет. Мисалы, көпчүлүк түрк элдеринин оозеки чыгармаларында белгилүү кейипкер Коркут атанын образы көп жагынан Кошойдун образына типтеш. Ал образ түпкүлүгүндө тотемдик атага барып такалары атайы изилдөөлөрдө белгиленген.
С. Алиев

Кошойдун бата берүүсү («Айкөл Манас» драмасы, 1990).
Кошойдун бата берүүсү («Айкөл Манас» драмасы, 1990).

бата

 
бата
бата аяк
бата берүү, бата алуу
бата кылуу

Бата

 
Бата – (ар. фатиха – тилек, башталыш) – 1) курандын биринчи сүрөсүнүн (главасынын, бөлүмүнүн) аты; 2) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу. 3) ошондой эле тилек, каалоо, алкоо иретиндеги жана болочокто боло турган окуяны, ишти алдын ала билдирүү иретинде да айтылат (Манас энциклопедиясы. Т.1, 139-б.). Кыргызда «Куру аякка бата жүрбөйт» деген кеп бар, башкача айтканда, бата берип жаткан кишини бата алып жаткан адам кандайдыр бир жол менен ыраазы кылышы керек. Колунан келгендер бата алуу үчүн мал жетелеп барышкан. 

бата

 
зат. дин. 1. Курандын биринчи сүрөөсүнүн аты.
2. дин. Алкыш, тилек. Куру аякка бата жүрбөйт (макал). Аман болгун балам деп, Ак батасын беришип («Олжобай менен Кишимжан»).
Бата кылуу — өлгөн адамдын үйүнө барып дуба кылуу, куран окутуу жана үй-бүлөсүнө көңүл айтуу.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобата
Множ. числобаталар
Синонимы
сыя
кире
Связанные слова
кирүү
сыюу
толуу
батуу
Склонение по падежам - "бата"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бата
Родительный Чей?батанын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?батага
Винительный Кого?, Что?батаны
Местный Где?, У кого?батада
Исходный Где?, У кого?батадан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?баталар
Родительный Чьи?баталардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баталарга
Винительный Кого?, Что?баталарды
Местный Где?, У кого?баталарда
Исходный Откуда?, От кого?баталардан

Найти все переводы слова "Бата" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Бата"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru