Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Аскердик кылмыштар
 

Аскердик кылмыштар

 
АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралган, Куралдуу Күчтөрдө, аскердик-курулуш отряддарында (бөлүктөрүндө) жана башка аскерлеринде, кызмат өтөөсү аскердик кызматка теңдештирилген КР аскерлештирилген түзүлүштөрүндө аскердик кызмат өтөөчү аскер кызматкерлери, ошондой эле аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде запастагы жарандар жасаган, аскер кызматын өтөөнүн белгиленген тартибине тоскоолдук кылган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жосун. А. к-га төмөнкүлөр кирет: буйрукту аткарбоо; начальникке каршылык көрсөтүү же аны кызматтык милдетин бузууга мажбурлоо; начальникке карата күч колдонгон аракет; аскер кызматчыларынын ортосунда баш ийүүчүлүк мамиле жок болгон учурда алардын ортосундагы өзара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу; бөлүктү же кызмат өтөгөн жерин өзалдынча таштап кетүү; дезертирлик; анткорлонуп ооруу же башка ыкмалар менен аскердик кызмат өтөө милдетин аткаруудан качуу; күжүрмөн нөөмөтчүлүктү аткаруу эрежелерин бузуу; чегара кызматын аткаруу эрежелерин бузуу; кароол кызматын аткаруу эрежелерин бузуу; коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөө эрежелерин бузуу; ички кызмат жана гарнизондо патрулдук кылууну аткаруу эрежелерин бузуу; аскердик мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу; этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу; аскердик мүлктү жоготуу; куралдарды жана курчап тургандар үчүн өтө коркунучтуу буюмзаттарды пайдалануу эрежелерин бузуу; машиналарды айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу; учуулардын же ага даярдык көрүү эрежелерин бузуу.

Найти все переводы слова "Аскердик кылмыштар" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Аскердик кылмыштар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru