Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АТ ЖАБДЫКТАРЫ
 

АТ ЖАБДЫКТАРЫ

 
АТ ЖАБДЫКТАРЫ — атка минип жүрүүгө керектелүүчү буюмдар жана шаймандар. Кыргыздын А. ж-на: ээр, үзөңгү, жааз, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмек, көрпөчө (көпчүк), ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Булардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. «Манас» эпосунда да А. ж. кеңири сүрөттөлөт. Эпосто сүрөттөлгөн көпчүлүк А. ж-на эпикалык мүнөз берилген. Мисалы, Аккаңкы, дүңгөр, ээр, үртүк, тердик, камчы, булдурсун жана башкалар Булардын арасынан Манастын Аккуласы үчүн Алмамбет жасап берген Аккаңкы ээр бир кыйла өзгөчө касиеттерге ээ:
Эңкейиште эзишсе,
Тамандашып айкөлүң,
Эчендер менен кезишсе,
Ээри кыйрап кетет деп,
Шашылыш жерден айкөлдүн
Ажалы бөөдө жетет деп
Артык кылган Аккаңкы
Аккулага чак каңкы (Саякбай Каралаев, 2. 11).

Бул сүрөттөөдө көрүнүп тургандай ээрди жасоодо айрыкча анын бекемдигине, ишеничтүүлүгүнө көңүл бурулгандыгы айтылат. Анткени, жоокерчилик учурда ээрдин бекем болушу зор мааниге ээ болгон. Согуш учурунда ээрден кулаш жоокерди өлүмгө алып келет. Ошондой эле эпосто ээрди жасоодо анын кооздугуна да көңүл бурулгандыгын төмөнкү саптардан көрүүгө болот:
Алмамбет кылган Аккаңкы,
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арткы кашы чылк күмүш
Эки каптал эн темир
Курч уютуп матаган,
Курдашың Алмаң жан досуң
Кабыланга куп ылайык жасаган (Саякбай Каралаев, 2, 211).

Мындан сырткары А. ж-ндагы башкы нерсе ээрден башка түрлөрү да эпосто сүрөттөлгөн учурлары кездешет. Мисалы, ооздук, тизгин, чылбыр, нокто, көмөлдүрүк, куюшкан, үзөңгү жана башкалар Эпосто бул А. ж. жөн эле саналып гана кетпестен, алардын ар бири өз алдынча мааниге ээ. «Кара болот ооздук, Көмөкөйдө карсылдап» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 44) деген саптар ооздуктун болоттон жасалгандыгын билгизип турат, же «Окоро түйгөн ак тизгин, Тарталбай колу карышып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.44) деген саптардан тизгиндин кайсы ыкмада түйүлгөндүгүн (окоро түйгөн) көрүүгө болот. Мына ушундай эле сүрөттөөлөр менен башка А. ж. да айтылат:
Эки кулач чоң чылбыр
Узунун тандап тапты эле.
Окоро түйгөн ак нокто,
Тайторуга чак нокто
Башына мыктап катты эле (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 81),
«Айкөлүңдүн чоң боз ат,
Көмөлдүрүк, куюшкан,
Көбүнчө боо жарашат» (Саякбай Каралаев, 1. 159).

Эпосто А. ж-нын мынчалык орошон сүрөттөлүшү кыргыз элинин көчмөн турмушунда алардын кеңири пайдаланылып келгендигин айгинелейт.
А. Акматалиев


Найти все переводы слова "АТ ЖАБДЫКТАРЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АТ ЖАБДЫКТАРЫ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru