АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР |
а) идиоттордун (жиндилердин) психикалык өнүгүүсү гана эмес моторикасы (кыймылы) да аябай бузулган (алар өз алдынча жыла алышпайт), өзүн-өзү тейлөөнүн эң жөнөкөй ыкмаларын өздөштүрүүгө да жарамсыз, речи жок жана башкалардын речин да түшүнүшпөйт. Аларды дайыма такай тейлеп турууга туура келет, ошондуктан алар көбүнчө социалдык тейленүүчү балдар массаларында же психикасы бузулгандардын колонияларында тарбияланышат. б) имбецилдер туюнуу процесстери өтө бузулган, узак убакыт багытталып иштей албаган, ою оңой эле алагдыланып кетүүчү балдар. Алар речи жаман, тили тантык, кекеч болушат. Көп убакыт бою атайын окутуудан кийин гана алар араң окууга, араң жазууга жана өзүн-өзү эптеп тейлөөгө үйрөнө баштайт. Имбецилдерди окутуу жана тарбиялоо социалдык камсыздандыруунун балдар мекемелеринде же жардамчы мектептердин алдындагы атайын класстарда ишке ашырылат. в) дебилдер – булар акылы бир кыйла артта калган, бирок атайын программа менен жардамчы мектепте системалуу түрдө окуй алуучу балдар. Дебилдердин акылы эрте жашынан эле бузула тургандыгы алардын ойноосунан, окуусунан ж. б. эмгектенүүсүнөн көрүнөт, алардын эмоциясы жана эрки жарды, өздөрүнүн керектөөлөрү, муктаждыктары, кызыкчылыктары өтө чектелинген болот. Дебилдердин көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу жай, тыкан, аткаргыч, чектелген кызыкчылыктары туруктуу, баштаган ишти аягына жеткиргич, бирок өзүн-өзү жогору баалоочу болот. Дебилдердин кээ бирлери өтө эле ээликме, бир орунга токтолуп тура албаган, шалакы, сөз укпаган, оюн токтото албаган, өзүнүн ишин башкара албаган, аларга коллективде иштөө эң оор жана ошондуктан алардын жүрүш-туруштарын тынымсыз жөнгө салып (коррекциялап) туруучу атайын пед. иштерди дайыма жүргүзүп турууну талап кылышат. Башталгыч мектеп жашындагы дебилдердин туюнуу аракеттери бир кыйла өзгөчөлүү: кабыл алуулары жай, толук эмес жана айлана-чөйрөгө багыттанышы начар, так эмес, өзгөрүлүүчү шарттарга начар ылайыкташкан, байкагандарын сезип ойлонуусу жаман, так эмес. Алардын чындыкты элестеп кабыл алуулары так, толук эмес болушу, кабылдоолорунун өзгөчөлүгү менен, өтө унутчаактыгы жана окшош нерселерди бири-биринен ажырата алышпагандыгы менен түшүн-дүрүлөт. Биринчи жылдарда дебилдер окугандарын жана көргөндөрүн тез унутушат, анткени алардын сезимдүү эстеп калуулары жок. Мындай балдардын речи (тили) өтө эле кеч (3–4 жашында) чыгат. Аларды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу чоң, баланын өсүшүндөгү артта калуучулук билинер замат ата-энелер психоневрологдон кеңеш сурап, зарыл болгон учурда баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек. Жардамчы мектепти бүтүргөндөн кийин мындай балдар көп учурда өздөрүнүн алы келе турган иште эмгектене алышат. |
Найти все переводы слова "АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР"?
Ввойти