ГУМАНИЗМ |
Көчө чыгып Алтайдан Жериңе качан коносуң?! Аз гана кыргыз элиңе Качан караан болосуң?! Ээн калган ээсиз элиңди Качан ээлеп аласың?! (Саякбай Каралаев, 1. 114),— деп бытыранды болгон элди бириктирип, баш болуу керек экенин билгизет. Алмамбет келгенде жоого минген тулпары Аккуланы, жоо кийимин, каруу-жарагын тартуу кылганы айкөл Манастын Алмамбеттин баатырдыгын баалаганы, элинен, жеринен кеткен адамдын трагедиялуу абалын терең түшүнгөндүгү, кайгысын тең бөлүшкөндүгү. Ашка чакырбай коюп, кытайлар күлүгүнө көз артып, кемегедеги этин талагандан кийин чакырткан Бокмурунга ачуусу келсе да, элдин бейкуттугун өзүнүн жеке тарынчынан жогору коюп, «Журт куруган экен деп» (Саякбай Каралаев, 2. 33) элди ойлоп ашка келип, чатакты басат. «Ардактап ашка чакырдым, Абийириң менен этиң же» (Саякбай Каралаев, 2. 37),— деп чатак баштагандарды адамкерчиликке чакырат. Жоого колго түшүп кеткен Билерик менен Жарманасты калк атасы Кошойдун өзү барып туткундан бошотуп алышынын өзүндө да адам бейкүнөө жаза тартпоого тийиш деген гуманисттик идея жатат. Эпостогу аялдын эң сонун образы (Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Акеркеч, Арууке жана башкалар) — эпостун бийик Г-инин күбөсү. Баатырдын жары Каныкей сулуулугу келишкен, ишмер, колунан көөрү төгүлгөн уз, баласын аман чоңойтуп, атасынын ордун бастырган мээрбан эне гана эмес, баатырга билбегенди билгизип, акылына акыл кошуп турган даанышман кеңешчиси, керек жерде жоо киймин кийип жоону бирге сайышкан жанга шерик баатыр жолдошу да. Эпос жаралган замандан бери келаткан аял затынын акылын, ишмердүүлүгүн, эркектерге тете эрдигин даңазалоону, аял затына, энеге деген урмат сыйды да эпостон көрөбүз: Ургаачы жолу улук деп, Өзү каңгай урук деп, Ороңгунун Кулабээ... Чубатууга чыгыптыр (Сагымбай Орозбаков, 3. 153), — деп Көкөтөйдүн ашында чабышка түшчү аттарды чубатууга чыгарганда Ороңгунун Кулабээсин биринчи коё бергени эле, элдин жалпы эле аял затына болгон мамилесин көрсөтөт. Ч. Айтматов айткандай: «Эпосту жараткан элдин акылмандуулугу көркөм чыгарманын трагедиялуу финалынан эле даана сезилип турат... Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушунда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 10). К. Жумалиев |
гуманизм |
|
гуманизм |
2. Адамга боорукердик, камкордук кылууга, жакшы көрүүгө, сыйлоо, урматтоого негизделген мамиле. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | гуманизм |
Множ. число | гуманизмдер |
Склонение по падежам - "гуманизм"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | гуманизм |
Родительный Чей? | гуманизмдин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | гуманизмге |
Винительный Кого?, Что? | гуманизмди |
Местный Где?, У кого? | гуманизмде |
Исходный Где?, У кого? | гуманизмден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | гуманизмдер |
Родительный Чьи? | гуманизмдердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | гуманизмдерге |
Винительный Кого?, Что? | гуманизмдерди |
Местный Где?, У кого? | гуманизмдерде |
Исходный Откуда?, От кого? | гуманизмдерден |
Найти все переводы слова "гуманизм" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "гуманизм"?
Ввойти