КУРАЛ-ЖАРАК |
Эпостук салт боюнча баатырлар укмуштуу К.-ж-тар менен камсыз болушат. Эпикалык бул мотив ар бир элдин эпосунда ар түрдүүчө идеалдаштырылып баатырлардын тигил же бул К.-ж-ка кантип ээ болгондугу баяндалат. Көпчүлүк эпостордо баатырлардын куралдары өтө чебер устанын колунан жаралган согуштук буюм катары даңазаланат. «Манас» эпосунда баатырлардын, айрыкча Манаска таандык К.-ж-тардын өзүнчө таржымалы, аларга ээ болуунун тарыхы кеңири баяндалат. Кандай шартта, кайдан келгендиси, же ким тарабынан жасалгандыгы жөнүндө толук кабар берилет. Башкы баатыр сыяктуу жардамчы каармандардын өзүнүн энчилүү кылычы, сайса узарган найзасы, алыскы жерлерди көргөн дүрбүсү, жазбай тийген мылтыгы болот. Булар баатырлардын эпикалык образын толуктап турат. Айрым көөнө эпостордо баатырдын келечекте мине турган тулпары менен К.-ж-ы асмандан түшкөнү айтылат. «Манас» эпосунда Манас баатырдын К.-ж-тарынын табылышынын түпкү теги жомоктук мифологиялык мүнөздө поэтизацияланат. Саякбай Каралаевдин варианты нда асмандан түш көн алты курчтун ар биринин өзүнчө касиети идеалдаштырылат. Манастын урунган К.-ж тары эпостун кийинки бөлүмүндө Семетейге атадан калган мурас катары өтүп, анын образына да керемет бүткөрүп турат. «Манаста» чагылдырылган К.-ж-тар негизинен энчилүү ат менен аталат. Мындай салт элдик эпостордун баарына мүнөздүү. В. М. Жирмунский мындай байыркы адат Батыш Европа элдеринин эпикалык чыгармаларында да орун алгандыгын белгилеп, көпчүлүк учурда кылыч, найза өңдүү куралдарга ээ болуу үчүн баатыр көп кыйынчылык менен жете турган сыйкырдуу жомоктук мотивдин бири катары карайт. Баатырды баатыр даражасына жеткирип, күчүнө күч, эрдигине эрдик кошкон куралдарды ар бир элдин айтуучулары өтө кылдаттык, сүймөнчүлүк менен ырдашат. Манас баатыр өзүнүн энчилүү К.-ж-гына кандайдыр бир жогорку күчтүн колдоосу аркылуу ээ болсо, Семетей атасынан мурас калган ошол эле жоо куралдарды (Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркескен, Сырнайза) атасынын бир туугандары — Абыке, Көбөштөн кайтарып алууда каршылыктарга учурайт. Айрым учурларда К-ж-тар душмандын колуна тийип калса, кылыч кынынан суурулбай, мылтык атылбайт. Ээсинин колунда турса гана кылыч кынынан суурулуп, мылтык атылып, адилет идеянын кызматын өтөйт. Бала баатыр Семетей ички душманы Көбөш менен жекеме-жеке кармашкан учурда үйдө илинип турган Аккелтеден шүйшүңдөп кан агып, өзү эле тарсылдап добуш берет. Жоокердик куралдарга мүнөздүү жомоктук бул мотив «Семетей» эпосунда да «Манастагыдай» кереметтүүлүктөн ажырабаган көөнө белгилерди, магиялык касиеттердин белгилүү өлчөмдө сакталганын далилдейт. С. Алиев |
Курал-жарак |
|
Найти все переводы слова "Курал-жарак" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Курал-жарак"?
Ввойти