Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Бакай
 

БАКАЙ

 
БАКАЙ — «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири. Ал кырк чоронун ичинен Манаска эң жакын тууганы. Атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган. Саякбай Каралаевдин варианты нда кээде Олуят чалдын эр Бакай деп да айтылат, анткени бул вариант боюнча Б. бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. Эрезеге жеткенде Манасты издеп чыккан Б. душман тарабынан чабылып-чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташканда Манас Б-га кайрылат:
Кайыбынан табылган
Кан абам сендей эр болбойт,
Кабак ачып ойноорго
Кең Таластай жер болбойт.
О дүйнөгө кеткиче,
Уйпаланып кайран жан
Топуракка жеткиче,
Тулпардын оозун буруп бер,
Туйгун аба, эр Бакай
Ата болуп өзүмө
Тутка болуп туруп бер.
Эки тизгин, бир чылбыр
Эл бийлигин алыңыз,
Эдене-тайтаң өзүмдү
Эптеп жолго салыңыз.
Туйгун Бакай, кан аба.
Туура караан маа болуп,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштаңыз.
Казак менен кыргыздын
Жолун өзүң баштаңыз.
Бирдикти колго алыңыз,
Билген жолго салыңыз! (Саякбай Каралаев, 1. 187).

Бул жолугушуу Манас эли менен Алтайдан Таласка көчүп келгенден кийин малын аяган атасы Жакыпка тарынып үйүнөн кетип, Боз талааны жайлап Баба-Дыйкан экөө ортоктошуп эккен эгинине Аккуланы сатып алганына удаа болот.
Б. Жумабаев. Бакай
Б. Жумабаев. Бакай
Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас менен Б-дын алгач кездешүүсү башкача кырдаалда өтөт. Иниси Жакыпты издеп Алтайга барган Бай ал жерде алты жылдай конок болуп тургандан кийин Дагалак шаарын алганы аттанган Манастын колу менен Бай да жөнөйт. Ушул эле учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Б. да болот. Эки кол кезиккенде Бай баласы Б-ды Манаска кошот. Манас менен Б. жаңыдан таанышып олтурганда Кызыр менен Бак (таалай-бактын пири) аксакал түрүндө кубулуп келип, аларга жолугат да Кызыр аларды Бак даарыганын айтып келип, Манаска Б-ды «Өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн» — дейт. Ошентип, эпос боюнча Б. Манас үчүн атайын жаралат да ага кошулган күнүнөн тартып, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган», «аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» арка белине, таянычына, «капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» кеңешчисине, насаатчысына айланат. Акылмандыгы, кыраакылыгы менен «алты ай келер азапты» күн мурун билип, аны болтурбай, Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт. Б. өзүнүн Манаска жан-дили менен берилип, мындай ак кызматын жалпы кыргыз элине, анын биримдигине, көз карандысыз эркин жашоосуна кызмат кылуу деп эсептейт жана башкалардан да ушуну талап кылат, элди ынтымакка үндөйт. Б-дын бул кредосу «Чоң казат» мезгилинде чалгынга кеткен Алмамбетке атаандашып, чыр чыгарган Чубакка айткан сөзүнөн айрыкча даана көрүнөт. Чубак — Б. сыяктуу эле Манаска адал кызмат өтөгөн чоролордун бири, бир чети тууганы. Ал мурда өткөн кызматтарын санап келип, анымды Манас баалабады, Алмамбетке тең көрбөй, кеп-кеңештен калтырды деп өпкөлөгөндө Б. ага мындай дейт:
Ак тааланын жараткан
Албан түрдүү кушу бар
Канаты менен учуп жүр.
Калкылдап көктө ушу жүр.
Куйругу менен конуучу,
Манастын Манас болмогу
Экөөбүздөн болуучу.
Бузулуш бизден чыккан соң,
Бутунан тартып жыккан соң
Бил да болсок жыгылдык,
Миң да болсок кырылдык.
...Баштап колду жөнөгөн
Бала деймин өзүңдү,
Байкагын Чубак сөзүмдү.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп кыргыз калды деп
Бөлөк элге кеп кетет.
Жарылсаң ууру алуучу
Жай уксаң акыл нак ушу (Сагымбай Орозбаков, 4. 195).

Жеке эле Чубактын эмес, Манас баш болгон баатырлардын бардыгынын тең жаңылыштыгын көрсөтүп, туура эмес иштерин убагында токтотуп оңдоп турат. Мисалы, Чоң казатта Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө кытайдын колу менен алгач бет келишип, жоо көптөп баратканда Сыргакты ооруктагы кыргыз колуна кабарга жиберишет. Жол карап кароолдо жүргөн Б. Сыргакты токтотуп алып акыл үйрөтүп, бул кебетең менен кирип барсаң Манастан коркконунан келген кол согушка кирбестен кайтып кетип калат, а көрөкчө жаратыңды таңып, сыр билгизбей зымпыйып жетип барып, олжо алгыла деп чакырсаң токтобой шар барышып, курчоодо калган баатырларды куткарышат дейт. Ошентип, Сыргактын абайсыздыгын оңдоп, Чоң казатка барган кыргыз колун кокусунан тарап кетүүдөн сактайт. Б-дын мындай алдын ала көрөгөчтүгү, акылмандыгы элдердин ынтымагын сактап, бөөдө кан төгүшпөй достук алей мамиледе жашашына көп сапар кызмат кылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейге күйөөлөп барган Манас байкоосуздук кылган кайындарына тарынып, алардын шаарын чапмак болгондо акылман Б. Манасты жайкап ачуусун басып, жазыксыз жерден кан төктүрбөйт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Чоң казаттын алдында Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Б. токтотот. Калың элде жазык жогун, күнөө аларды баштап келген кандарында экенин, жазаласа ошолорду жазалоо керектигин айтып, чоролорго чабуул жасаттырбайт. Б-дын акылмандыгы, гумандуулугу жеке коңшу, тектеш элдер менен гана эмес, башынан жоолашып келген элдер менен да тынчтык мамиледе жашоону көздөп, бири-бири менен согушуп, талоончулук менен байлыкка ээ болууга каршы турушунан көрүнөт, өзү келип катылган өчмөндүү жоо багынганда да мөрөйү үстөм болгон элди гумандуулукка чакырат: «Союштан артык албаңар, Бүгүн душман эртең эл, Бүлүндүрүп салбаңар».
Т. Герцен. Бакай.
Т. Герцен. Бакай.
Б. Манастын тышкы иштерине гана эмес, жеке турмушунда да башкы кеңешчиси, камкор жардамчысы болот. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын мурунку алган аялдары баатырдын өзүнө ылайык жар эмес экендигин учурунда байкаган Б. Манаска кайрадан үйлөнгүн деп кеңеш берет. « Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң. Каныкей келсе Таласка, Кадыр түн келет жолуңа,... Качканың келет колуңа» (Саякбай Каралаев, 1. 235)— дейт, баатырга келечек жарын тандап. Жакып малын аяп, калың төлөөдөн баш тартканда Б. Букардын каны Темирканга өзү куда түшүп, кызы Каныкейди Манаска алып берет. Б-дын эң негизги асыл сапаттарынын бири — башына кандай гана каран түн түшпөсүн, кандай гана кыйынчылыкка учурабасын бийик адамгерчилигинен жазбаганы, өз башын корголотуп чыккынчылыкка барбаганы, даанышмандыгы, акылмандыгы, кайраты менен бардык кыйын кезеңди жеңе билгендиги. Манас өлгөндө атасы Жакып, инилери Абыке, Көбөш, аларга кошулуп кырк чоросу чыккынчылыкка барышат; Абыке, Көбөштүн бири Каныкейге зордоп үйлөнмөк болуп, макул болбой койсо эмчегин жара чаап кордук көрсөтүшөт, баатырдын ордосун чаап, мал-мүлкүн талап олжо кылышат, балтыр бешик Семетейди өлтүрүүгө аракеттенишет. Ушундай чалкеш учурда Манастын жакын адамдарынын ичинен жалгыз гана Б. мурдагысындай ага берилген бойдон калат. Өтө кыйын абалда калган анын бүлөсүнүн бирден-бир ишеничтүү адамына, арка-жөлөгүнө айланат. Аларды ажалдан коргоп, минерине унаа, жээрине азык камдап берип Букарга качырат. Баатырдан калган жалгыз туяк Семетей он экиге келип эр жеткенче Манастан калган төөлөрдү багып күтүп жүрөт. Букардан Таласка кайтып келгенде Семетей душмандарын жеңип, атасы Манастын ордун ээлешине Б. түздөн-түз жетекчилик кылат. Дегеле Манастын жакын туугандарынын бардыгы: Көзкамандар, Ороздунун балдары, жада калса өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөш (к. Алгы арам) көрө албастык менен Манаска кастык кылып келишсе, Б. гана өмүр бою Манаска кандай ак кызмат өтөсө, анын баласы Семетейге, небереси Сейтекке да ошондой эле адал кызмат кылып, өзүнүн даанышмандыгы менен аларды элдик иштерге баштаган кеңешчиси болот.
Т. Курманов. Бакай.
Т. Курманов. Бакай.
Л. А. Ильина. Бакай.
Л. А. Ильина. Бакай.
Ушундан улам академик В. М. Жирмунский: «Бакай Илиададагы ак чач Нестор, орто кылымдагы француз эпосундагы герцог Нэм Бабарлык, «Жангардагы» Алтын Цежи, «Сасундук Давиддеги» армян баатырларынын жашы улуу тууганы Кери-Торос аба сыяктуу карт баатырлардын жана эпикалык өкүмдарлардын акылман кеңешчилеринин окшош фигураларын эске түшүрөт» — деген (В. М. Жирмунский, Тюркский героический эпос, Л., 1974, 62-б.). Б-дын образына айрыкча, түрк-моңгол элдеринин эпосторунун көптөгөн каармандарынын образы өтө типтеш, жакын турат. Өгүз түрктөрүнүн орто кылымга таандык « Атам Коркуттун китеби» деген жазма эстелигиндеги Коркут 250 жыл өмүр сүрүп, өгүз кандарынын беш мууну менен замандаш жашап, алардын бардыгынын даанышман кеңешчиси болот. В. В. Бартольд ал жөнүндө: «Элдик акылдын айгагы жана сактоочусу, анын имандык (нравалык) авторитетине бүткүл эл баш иет» — дейт (В. В. Бартольд, Соч. М., 1968, 5-т., 264-б.). Б. тууралуу да ушуну айтса болот. Үчилтиктин кийинки бөлүмдөрү «Семетей», «Сейтек» «Манаска» караганда коомдук өнүгүүнүн кийинки этаптарын чагылдыргандыктан Б-дын образы да жаңы доордун талаптарына ылайык кошумча жаңы түс алып, улам кийин деген сайын жаңы өзгөчөлүктөргө ээ боло баштаганын белгилөөгө болот. Түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк эпосторунда «аксакал атчы» деген туруктуу каарман бар. Ал — атасынан жаш калган эпикалык баатырга ата ордуна ата болгон камкор адам. Анын жылкысын жоого талатпай көздүн карегиндей сактап багат, баатыр эрезеге жеткенде жылкы ичинен жоого минүүчү тулпар тандап мингизет, ар кандай татаал кыйын кезеңде акыл кеңешин айтып жол көрсөтөт. «Аксакал атчы» жаш баатыр эрезеге жеткенче социалдык жактан басынып кул абалда болот. Эпикалык баатырдын элдин төмөнкү катмарынан чыккан акылман кеңешчинин образы тап тык жиктелүү ачык көрүнө баштаган феодалдык доордо калыптанышы мүмкүн. «Аксакал атчынын» образындагы мындай белгилер «Семетейдеги» Б-да бар. Чыгарманын башталышында ал Абыке, Көбөш тарабынан куугунтукталып, элден четтеп, Манастан калган төөлөрдү Семетейге арнап багып, жаргак шым кийип, Көктулпары Көкчолок атка айланып, өзү карып-арыган абалда калат. Семетей Таласка келгенден кийин гана баштагы абалына келет. Демек, уруунун даанышман патриархы Б-дын мурдагы образына жиктелүү мезгилинде пайда болгон элдин төмөнкү катмарынын феодалдык таптын өкүлүнүн образы контаминацияланган. Уруулук-патриархалдык коомдун мурдагы моралдык, адеп-аклактык туруктуу принциптери ыдырай баштаганы кийинки бөлүмдөрдө ачык көрүнөт жана бул Семетейдин Б-га жасаган айрым мамилелеринен да байкалат. Манас канчалык күчкө толуп, ички-тышкы элдерден ага каш кайтарар эч ким калбаган күндө да жашы улуу абасы катары Б-дын астынан кыя өтпөйт, айтканын эч качан эки кылбайт. Ал эми кызуу кандуу жаш жигит Семетей абасынын берген кеңештерине анча көңүл бөлбөй моюн толгогон учурлары кездешет. Мисалы, ал Б-дын Айчүрөктү алып кандуу бут болуп калдың, бир жыл эс алып, анан Коңурбайга каршы аттан деген тилин албай жоого аттанып, Коңурбайдан жараланат. Кытайдын чебин кайтарган куу түлкү, куу аркар, куу өрдөктөрдү өзүм жок кылам деп Б-дан жол талашат жана мында да жолу болбой Б-дын астында туура эмес иш жасаганын мойнуна алат. Б-га кеңешпей туруп Тайбуурулду Үмөтөйдүн куну үчүн казактарга тартууга берет, акыры бул анын ажалынын жетишине себепчи болот. Эпикалык башчынын даанышман кеңешчиси катары Б-дын образынын калыптанышына конкреттүү тарыхый шарттардын таасири тийиши мүмкүн. Байыркы түрк кагандыгы күчүнө толуп турган мезгилде (551—744) калтырылган таш эстеликтердин бири атактуу Тонукөккө арналган жана анын мамлекеттик ишмердигинен кеңири кабар берип турат. Бул таштагы жазууга жана башкалар тарыхый маалыматтарга караганда эпикалык каармандар Б., Коркут сыяктуу эле Тонукөк да көк түрктөрдүн бир нече кагандары: Илтереш каган (681 — 691), Капаган каган (691 — 716), Билге каган (716—734) менен бир учурда жашап, алардын башкы кеңешчиси жана мамлекетте кагандан кийинки биринчи адам болгон. Анын кеңеши боюнча жана түздөн-түз жетекчилиги менен түрк кагандыгы көптөгөн ийгиликтүү жортуулдарды жасап, күч кубатын арттырган. Бытырандылыкка учурап тарап кеткен түрк урууларын бириктирип, мамлекет курап, Илтерешти кагандыкка көтөрүү да Тонукөктүн демилгеси менен ишке ашкан. Түрк кагандыгындагы кудурети күчтүү ушул адамдын эң жогорку титулу — Бойла Бага таркан болгон. Көк түрктөрдөн жүз жылча кийин Борбордук Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн кыргыз кагандыгында да дал Тонукөктөй мансап-даражага ээ жана ошонукундай титул алып жүргөн инсан бар. Кыргыздардын ошол кездеги негизги жоосу уйгурлар менен согушта (820—840) жана алардын үстүнөн болгон жеңиште башкы командачы катары ал көрүнүктүү роль ойногонун кыргыздар таш бетине калтырган айрым жазмалар кабарлап турат (С. Г. Кляшторный, Историко-культурное значение Суджинской надписи. Журн.: — «Проблемы востоковедения», 1959, № 5, 163-б.). Ал башкы командачы гана эмес, мамлекеттер арасында жүргөн дипломат да болгон. Уйгурларды жеңип, Борбордук Азияда үстөмдүктү колго алгандан кийин кыргыздарга Кытай империясы менен алака түзүүгө туура келген. Катнаш айрыкча 840—847-жылдарда күч алган. Жаңыдан жогорку бийиктикке көтөрүлгөн түндүктөгү жоокер коңшусу кыргыздардын мамлекети менен жакшы мамиледе болууга кытай императору да көп эле аракеттенген. Кыргыз элчилерин башка элчилеринен жогору отургузуп, зор урмат көрсөтүп турган. Ушундай элчиликтин бири 842-ж. болгон. Жогоруда аталган таркан башында турган кыргыз элчилерин император У-цзу өзү ордо сарайында кабыл алган. Кытай жазма эстелигинде кыргыз элчилигинин башчысынын толук аты «Гэ-си-хэ-хай-и» деп берилген, аны кыргызчага которуп транскрипцияласа: «Улуу кол башчы Бакай адилеттүү таркан» болот. Мына ушул инсан эпикалык Б-дын тарыхый прототиби деп болжошко толук негиз бар. Анткени, экөөнүн ысымдары гана окшош болбостон, тарыхый инсан окумуштуулар тарабынан «Манас» эпосунун эпикалык борбору, мезгили катары эсептелген 9-кылымдагы кыргыз тарыхында алган орду адамдык жеке мүнөзүнүн айрым жактары менен эпикалык Б-ды эске салат. «Бакай» деген ысым түрк-моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдерде байыркы мезгилден бери кеңири тараган антропоним, «бага» жана «акай» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.
Т. Садыков. Бакай. Манас архитектуралык-скульптуралык композициясынан. 1981.
Т. Садыков. Бакай. Манас архитектуралык-скульптуралык композициясынан. 1981.
«Бага» — тилдердин инди-европалык чоң тобуна таандык байыркы сөз. Андыктан, бул тилдерде сүйлөгөн элдердин дээрлик бардыгында жолугат. Сөздүн байыркы мааниси сакталып калган байыркы инди тилинде: «бага» — господин, дөөлөт тара туучу. Ал эми славян тилдеринде «бог» формасында айтылып, «кудай» деген түшүнүккө өтсө, иран тилдеринде, анын ичинде байыркы Чыгыш Түркстанды мекендеп, канатташ жашаган түрк элдерине маданий зор таасир тийгизген согдилердин тилинде «бага» — «господин», «кудай» маанисинде колдонулган. Ошондой эле алар бул сөздү антропоним, титул катары же эпитет үчүн да пайдаланышкан. Борбордук Азияда жашаган түрк элдерине бул сөз согдилер аркылуу эң кеми 3-кылымдан белгилүү боло баштаган, кагандардын эң башкы кеңешчисинин, насаатчысынын титулу катары колдонулган. Ушул сөзгө байыркы түрк тилдериндеги жашы улуу, бийик даражалуу адамдарга урмат менен кайрылганда айтылуучу сөз «акай» айкашып («вага» + «акай»), гаплология мыйзамына ылайык окшош муундардын («ага» — «ака») бири кыскарган да, каткалаң тыбыш «к» катышкан жеңүүчү болуп, натыйжада, сөздүн «Бакай» деген жаңы формасы жаралган.
Р. Сарыпбеков

бакай

 
бакай
бакай сөөгүнүн блогу
(мед.)

Бакай

 
Бакай – «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири (Жогорку адабиятта. 129-б.)

бакай

 
зат. Туяктуу айбандардын туягынан жогорку биринчи мууну. Энеси.. майрык бакай, маңызы бас кыргыздын бээси (Сыдыкбеков). Тору кашка тулпар, ак бакай, Жылкыдан бүткөн найзадай (Аалы).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобакай
Множ. числобакайлар
Склонение по падежам - "бакай"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бакай
Родительный Чей?бакайдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бакайга
Винительный Кого?, Что?бакайды
Местный Где?, У кого?бакайда
Исходный Где?, У кого?бакайдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?бакайлар
Родительный Чьи?бакайлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бакайларга
Винительный Кого?, Что?бакайларды
Местный Где?, У кого?бакайларда
Исходный Откуда?, От кого?бакайлардан

Найти все переводы слова "Бакай" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Бакай"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru