|
эки
|
|
сан. 2 саны, эсеби. Эки жерде эки — төрт. Эки курбу баш кошуп, Эркелешсең эң кызык (Токтогул).
♦Эки анжы болуу — эки ойлуу болуу, бир пикирге, чечимге келе албоо, олку-солку болуу. Каныбектин көңүлү эки анжы боло баштады (Жантөшев). Эси эки болуу к. эс I. Эки көзү төрт болуу — бир нерсени жан-дили менен тилөө, самоо, жетсем деген тилекте болуу. Энесин каалап көрүүгө, Эки көзү төрт болуп («Манас»). Эки жүздүү же эки беттүү — өң карама, өңдү көрсө жүз тайган, көзү барда бирди айтып, көзү жокто башкача сүйлөгөн, кошоматчы. Кээ адам күн карама, эки жүздүү — Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Эки сүйлөбөө же эки дебөө — жалган айтпоо, убадага бек болуу, айтканынан кайтпоо, айныбоо. Кээде эки сүйлөп коймоң да бар (Шүкүрбеков). Эки болбоо — иши оңолбоо, артынан кетүү, жакшылыкка жетпөө. Тузуңа кара санасам, Туулгандан эки болбоюн (Токтогул).
|