|
чөп
|
|
I зат. Ичке сабактуу бир жылдык же көп жылдык, көбүнчө тоютка жумшалуучу майда өсүмдүк жана анын тоют үчүн жыйналып алынгандагысы. Ар бир түрлүү сонун чөп, Ыргалып турат тоолордо (Тоголок Молдо). Андрей эрте туруп алып уюна чөп салып, бастырмасынын үстүндө жүргөн (Байтемиров).
♦Сары изине чөп салуу — артынан сая түшүү. Сары изине чөп салып, Манас шер саргарта кууп алды эми («Манас»). Оозун куу чөп менен аарчуу — дайыма эле, бар болсо да, «жок» деп туруу. — Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров). Көзүнө чөп салуу к. көз. Кой оозунан чөп албаган к. кой I. (Сен) жүргөн жерге чөп чыкпайт — (сен) жүргөн жерде иш оңолбойт, сенден жакшылык күтүүгө болбойт деген мааниде колдонулат. Ак чөп башымда — жаңылып кеткен учурда «жаңылып кеттим, кечирип койгула» деген мааниде айтылуучу сөз. — Байке, ак чөп башымда, мен сырды сактай албай, айтып коюптурмун (Аалы). Чөп кат — китептин арасына салынуучу же окуганда ошону менен из кууп, жол кууп окуучу тасма. Китептеги кандайдыр бир түшүнүксүз нерселерди колубуздагы чөп кат менен түрткүлөп окуур элек (Баялинов). Чөп ооз — тар. бирөөнүн жерине малын жайып, оттоткондугу үчүн төлөнүүчү салык.
ЧӨП II зат. Ичтеги мезгилинде балдарын азыктандыруу жана зат алмаштыруу үчүн малдын жатынынын ичинде жаралуучу орган. Койдун чөбү. Уйдун чөбү.
|