|
уя
|
|
зат. 1. Жумурткасын сактоо, балапандарын чоңойтуу үчүн, канаттуулардын жасап алган жайы, орду. Уяда жаткан жумуртка — эртеңки күнү балапан (макал). Уяда жаткан үргүлөп, Балапан канат какканда (Бөкөнбаев).
2. Туулуп-өскөн жер, турган жай. Фрунзем учкан уям, сүйгөн калаам, Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман (Осмонов).
3. Күндүн бата турган жери. Күн дагы өзүнүн уясына жашынган (Жантөшев). Мына күн уясына жакындап, көздү уялткан жалындуу нуру өчө баштады (Таштемиров).
4. Сөздүктөрдө бир макалага (статьяга) топтоштурулган уңгусу бир сөздөрдүн тобу.
♦Уядан учуруу — тарбиялап, өстүрүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурган (Сыдыкбеков).
|